Ошто көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган өспүрүм каза болду

Ош шаары. Архив сүрөт.

Ошто 13 жаштагы бала өз жанын кыйганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматына караганда, окуя 23-февралда кечки саат 8ден өткөндө болгон. Окуучу беш кабаттуу үйдөн боюн таштаган.

Күбө катары суралган теӊтуштары менен жакындары өспүрүм соңку учурда суициддик маанайда жүргөнүн айтышкан.

Учурда бул окуяны териштирип-иликтөө уланып жатат.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Ош шаарында былтыр үч адам өз өмүрүнө кол салган.

Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. (AAb)

Дагы караңыз

Балдары майып энелер басмырлоодон улам президентке кайрылышты Владимир Зеленский Украинага аскердик режим киргизди Путиндин жикчилдерди таанышы Борбор Азияга эскертүүбү?