Бул тууралуу Түркиянын Деңиз иштери боюнча мекемеси 24-февралда маалымат таратты. Анда Одессадан Румынияга жүк ташып бараткан түркиялык "Yasa Jüpiter" кемесине бомба тийгени, жараат алган же каза болгондор жок экени, кеме Кара деңиз менен Румыниянын жээгине жеткени айтылат.
AAKKM%27ye gelen Odessa açıklarında MARSHALL ADALARI bayraklı Türk sahipli YASA JUPITER gemisine bomba isabet ettiği bilgisi üzerine, yapılan görüşmede geminin yardım talebi olmadığı, Romanya kara sularına intikal halinde olduğu, can kaybı olmadığı ve güvende olduğu öğrenilmiştir. pic.twitter.com/9nwWAAXWYm
— DENİZCİLİK GENEL MÜDÜRLÜĞÜ (@denizcilikgm) February 24, 2022
Түркия Украина жана Орусия менен Кара деңиз аркылуу чектешет. Украина жаңжал башталганга чейин түрктөрдүн "Байрактар" деп аталган учкучсуз аппараттарын Түркиядан 70 миллион долларга сатып алган. 2019-жылдын башында кол койгон келишимдин алкагында Киевге алты аскердик дрон бир катар жабдыктары менен кошо келген.
Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.
Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жараны өлгөнү тууралуу маалыматтар бар. (ElB)