Ош шаарында ата-энесинин же жакындарынын камкордугунан ажыраган жана дарегин таппай калган балдардын борбору жаңыланды.
Оңдоп-түздөөгө, тийиштүү эмеректер менен жана IT жабдууларды сатып алууга 50 000 АКШ долларынан көбүрөөк каражат жумшалды. Ал үчүн ЮНИСЕФ уюму Европа Биримдиги менен биргеликте колдоо көрсөттү.
ЮНИСЕФтен кабарлашкандай, борбордо жашы жете электерге турмуштук оор кырдаалда психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүлөт. Балдардын саламаттыгына жана коопсуздугуна кам көрүлөт.
2021-жылы милиция борборго 337 өспүрүмдү алып келген. (ArN)
Дагы караңыз
Бишкекке аймактардан кирген автоунааларды чектөө сунушу айтылды (видео)“Т-Медиага” телефондон опуза кылган адам кармалдыЗеленский Украинанын Евробиримдикке кирүү арызына кол койдуОрусияга санкциялар, доллардын өсүшүнүн Кыргызстанга таасириАскар тоонун алптыгы алыстан көрүнөт: Садырбаевдин мурасы