Бишкекте хоккей боюнча чемпионат башталды

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдагы хоккей боюнча IV Дивизиондогу Дүйнө чемпионатынын ачылышын баштап берди. 

Малайзия, Сингапур, Кувейт, Кыргызстан жана Ирандын хоккейчилери президент Садыр Жапаров менен. 3-март, 2022-жыл. 

Малайзиянын хоккей боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү. 3-март, 2022-жыл. Бишкек.

Хоккей күйөрмандары. 3-март, 2022-жыл. Бишкек. 

Малайзия жана Кувейттин хоккейчилери IV дивизиондогу Дүйнө чемпионатында. 3-март, 2022-жыл.

Алгачкы мелдеш күнү эки оюн болду. 1-турда Малайзия оюнчулары Кувейтти 5:2 эсебинде жеңди.

​2-турда Кыргызстан менен Ирандын хоккейчилери беттешти. Оюн кыргыз хоккейчилеринин пайдасына, 13:1 эсеби менен аяктады.

Ирандын дарбазасына чабуул жасаган кыргыз хоккейчилери.

Чемпионат 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат. 

 “Бишкек-Арена” спорт комплекси.

Оюндардын жадыбалы:

1-тур — 3-март.

16:00 Малайзия — Кувейт

20:00 Кыргызстан — Иран

2-тур — 4-март.

19:00 Сингапур — Иран

3-тур — 5-март.

17:30 Кувейт — Сингапур

20:00 Кыргызстан — Малайзия

4-тур — 6-март.

19:00 Иран — Кувейт

5-тур — 7-март.

17:00 Малайзия — Иран

20:00 Кыргызстан — Сингапур

6-тур — 8-март.

17:00 Сингапур — Малайзия

20:00 Кыргызстан — Кувейт

 

 

IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) тарабынан 2020-жылы негизделген. Уюшулгандан баштап эки жыл бою коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.

Хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине келген Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймакта спорттун бул түрүн өнүктүрүү маселесин талкуулашты.  Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президентин Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө, ошондой эле хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.

 

 

3-мартта Бишкектеги "Бишкек Арена" спорт комплексинде хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты башталды. Ага Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышууда. Оюндар 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат.