Бишкектеги №47 түзөтүү мекемеси бузулат

Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү мекемеси жакын арада бузулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Түзөтүү мекемеси пайдалануу мөөнөтүн эбак эле аткарган жана заманбап талапка жооп бербейт. Ал эми бул, эксперттер туура белгилегендей, коомдук коопсуздукка белгилүү бир коркунуч туудурат жана ал тургай кылмыштуулуктун өсүшүнө да таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, колонияда жазасын өтөп жаткан адамдар Чүй облусундагы Новопокровка айылындагы № 3 мекемесине, Молдовановка айылындагы №27 жана №31 атайын мекемелерге которулат.

Жаза аткаруу кызматы №47 түзөтүү мекемеси жана №1 тергөө абагы шаардын ичиндеги жападан жалгыз жабык типтеги мекемелер экенин белгилейт.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №47 түзөтүү мекемесинин 8,5 гектар жерине "Бишкек-Сити" аттуу жаңы шаарча куруу планы тууралуу айткан.

Бишкекте 1960-жылдары курулган №47 түзөтүү мекемеси шаардын батыш тарабында жайгашкан.

Дагы караңыз

11-марттын аба ырайыОш: мигрантка байланган турмушДССУ: Орус армиясы Украинадагы 18 ооруканага сокку урдуОрус армиясы басып алган АЭСте абал кооптуу