Өтмөк ашуусунда бардык чектөөлөр алынды

Өтмөк ашуусу.

Өтмөк ашуусунда бардык чектөөлөр алынып, автоунаалар эки жакка каттап жатат. Учурда жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери кум чачуу иштерин жүргүзүүдө.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна 12-мартта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Талас облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Башкармалык автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.

11-март түнү оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары Өтмөк ашуусундагы жол тазаланбай жатканын айтып, жолду буушкан. Айдоочулар анда облус башчысы менен жол тейлөө мекемесинин жетекчиси келишин талап кылган.

Жолду бууганга 10-мартта аба ырайыдан улам ашуудагы машине тыгыны себеп болгон. Мындан улам оор жүк ташуучу автоунаалардын каттамына чектөө коюлган.

Синоптиктер 12-марттан 15-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүп жатканын жана жолдор тайгак болорун эскертүүдө. (MKt)

Дагы караңыз

УКМК Абжалиев 1,2 млн. долларды төлөп, абактан чыкканын билдирдиCOVID-19: Бир күндө 13 бейтап катталып, бир адам каза болдуКайра шайлоо: бири-бирин айыптаган талапкерлер