Борбордук Европадагы Польша, Чехия жана Словениянын премьер-министрлери согуш жүрүп жаткан Киевден кайткан соң Украина Орусиянын кубаттуу чабуулдарынын мизин кайтарып жатканына ынанганын жарыялашты.
Алар Украинанын президенти жана премьер-министри менен жолугуп, орус баскынчылыгына каршы тилектештигин билдиришти, украин элинин эр жүрөктүгү менен каармандыгын өзгөчө баалашты.
Үч лидер 15-мартта поезд менен Киевге барып барган. Премьер-министрлер баштаган делегация "Украинадан Польшага аман-эсен кайтып келишти" деп билдирди 16-мартта поляк өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Чех премьер-министри Петр Фиаланын басма сөз катчысы Вацлав Смолка Твиттердеги баракчасына анын коргоочу жилет жана каска кийип, поезддин купесинде бараткан сүрөтүн жайгаштырды.
Бул Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери чет элдик лидерлердин Киевге жасаган биринчи сапары болду.
Поляк өкмөтүнүн башчысы Матеуш Моравецки чех премьери Фиала жана Словениянын премьери Янез Янса, украин президент Владимир Зеленский менен чогуу Украинанын картасын карап отурган сүрөттөрүн жарыялап, "Мында согуштан кыйраган өлкөнүн жаңы тарыхы жасалып жатат" деп Твиттерге жазды.
Europe must understand that if it loses Ukraine it will never be the same again. It will no longer be Europe. Rather it will be a defeated, humiliated and pathetic version of its former self. I want a strong and resolute Europe. pic.twitter.com/ENMRSDNuVU
— Mateusz Morawiecki (@MorawieckiM) March 15, 2022
"Бул согуш Украинанын тынч калкына кол салып, турак жайларды жана ооруканаларды бомбалаган ырайымсыз тирандын натыйжасы!", - деп жазды Моравецки өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.
Ал "дүйнө кооптуу абалга кептелип, бейкүнөө адамдар өлүп, эл өмүр бою тапкан кирешесинен ажырады, Чыгыш Европада жүрүп жаткан трагедияны тез арада токтотуу керек», - деди.
Президент Зеленский үч лидерге орус күчтөрү "Киевди, Харьковду же Мариуполду эле эмес, бардык аймактарды аткылап жатканын, анын ичинде өлкөнүн батыш аймактары да аба соккуларына дуушар болгонун айтты.
Чехиянын премьер-министри Фиала Украинанын баскынчылыкка каршы күрөшүн жогору баалады:
"Силер өз жашооңор, өз өлкөңөр, өз жериңер жана өз эркиндигиңер үчүн күрөшүп жатасыңар. Өзүңөр эле эмес, биздин да тынч жашоо үчүн күрөшүп жатканыңарды билебиз. Сиз жалгыз эмессиз", - деди ал Твиттерде.
I%27m pleased to be in Kyiv with other leaders to show our support for Ukraine and its people.We admire your brave fight. You%27re fighting for your lives, country and freedom.We know that you%27re also fighting for our lives. You%27re not alone, our countries stand by your side.
— Petr Fiala (@P_Fiala) March 15, 2022
Президент Зеленский өкмөт башчылардын ушундай кырдаалда Киевге келгенин чоң колдоо катары баалап, "чыныгы эркиндикти сүйгөн достор жана кошуналар менен биргеликте биз жеңишке жетишебиз" деди.