Ала-Букада үч киши сабиз кампадагы иске ууланып каза болду

ӨКМ тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында үч киши сабиз сактаган кампадагы иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-апрелде билдирди.

Учурда каза болгондордун аты-жөнү, иске уулануу себептери такталып жатканы айтылды.

Ушул жылдын башында Ысык-Көл жана Ноокат райондорунда көмүрдүн исине ууланып бир нече адам каза болгон.

Дагы караңыз

Украина: орус аскерлери үйлөрүнө эмне жөнөтүүдө?Улуттук тогуз долбоор ишке ашабы? Кыргыз-казак чек арасында 20 килограммдан ашык баңгизат кармалдыОрусияда эл аралык 15 уюмдун өкүлчүлүктөрү жабылды