Акыйкатчы ИИМдин жетекчилигине жарандык кызматкерлерди кошууну сунуштады

Өткөн аптада Акылбек Жапаров Горький гүбагына акцияга чыккандарды мыйзамсыз кармаганы үчүн ИИМ жооп берерин эскерткен.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова коомдук тартипти камсыз кылууда адам укуктарынын сакталышын күчөтүү үчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигинде жарандык кызматкерлер болушу керектигин билдирди. Ал бул тууралуу 11-апрелде “Жарандык союз” өкмөттүк эмес уюмунун тең төрагасы Урмат Казакбаев менен жолукканда айтты. Акыйткатчы аталган уюм менен кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү меморандумуна кол койду.

"Жарандык союз" уюму бир канча жылдан бери ИИМди реформалоого байланыштуу долбоорлорду ишке ашырып келет.

Министрлер кабинети жана ИИМ акыйкатчынын соңку демилгесине байланыштуу азырынча үн ката элек.

Кыргыз милициясына адам укугунун сакталышына байланыштуу сын-доомат көп. Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде Бишкекте Горький гүлбагына акцияга чыккандардын мыйзамсыз кармалганына байланыштуу ИИМ жооп берерин эскерткен.

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасы: чектөө алынды, тоскоолдук калдыЖоголгон миллиондор: Бакиевдерге сурооЖер басып алгандарга жаза оорлойтУкраин бийлиги Орусия катуу чабуул коет деп кооптонууда "Тамак-ашсыз калдык": Шанхайдагы катаал карантин