Ысык-Көл милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Чолпон-Ата шаары. 2022-жылдын 3-июну.

Бүгүн 3-июнда Ысык-Көл облусунда милиция жайкы күчөтүлгөн тартипте иштөө ыкмасына өттү. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, туристтик сезон ачылганына байланыштуу жалпысынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер күнү-түнү көзөмөлдөйт.

Министрлик жалпы Кыргызстан боюнча элди коопсуз тейлөөгө карата заманбап шарттар түзүлүп жатканын билдирип, өлкө аймагында коомдук жайларга, эл көп чогулган жерлерге, жол кырсыгы болушу ыктымал кооптуу трассаларга 2 миңден ашуун видеокамера коюлуп, мониторинг борборлору күнү-түнү иштеп жатканын билдирди. Республиканын алыскы туристтик аймактарында калкты жана чет элдик жарандарды (туристтерди) тейлөөгө милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылат.

Ысык-Көл жайкысын турист эң көп каттаган аймак. Мындан тышкары Кыргызстандын башка да аймактарына турист көп келген жерлер бар. (RK)