Карловы Вары кинофестивалынын баш байгесин ирандык режиссердун фильми жеңди

Чехиянын Карловы Вары шаарында 9-июлда аяктаган кинофестивалдын баш байгесин ирандык режиссер Садаф Форугинин “Үмүт тартуулаган жай” аттуу фильми жеңди.

“Кристал глобусуна” татыган тасма машыктыруучу менен улуттук биринчиликке даярданып жаткан өспүрүмдүн таржымалын баяндайт. Бул - Канадада жашаган 45 жаштагы режиссердун экинчи көркөм фильми. 2017-жылы Форуги “Ава” деген тасмасын тартуулаган.

Эң мыкты актриса наамын грузиялык Таки Мумладзе жана Мариям Хундадзе грузин-немис фильминдеги ролдору үчүн бөлүшүп алды.

56-жолу өткөрүлгөн фестивалда 1-9-июль күндөрү 170 фильм, арасында 130 көркөм тасма көргөзүлдү. Уюштуруучулар 121 миңден ашуун билет сатылганын билдиришти.

Дагы караңыз

Кыргызстандын 11 жараны тажик абагынан бошотулду "Бир жарым жылда 2 млн. доллар таптык". Кыргызстандагы онлайн сооданын арышы Тажикстанда милиция журналист Завкибек Саидаминини кармап кетти"Талкуулап эле кала беребиз". Тыйылбаган педофилия