ИИМ автоунаа эвакуациялаган ишкана менен келишимин узартпайт

Автоунааны эвакуациялоо учуру. Бишкек.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялап келген "Портал групп" ишканасы менен келишимин узартпайт. Бул тууралуу министрликтин сайтында жазылды.

Ага ылайык, ИИМ эреже бузуп, туура эмес жерге токтотулган автоунааларды өз күчү менен эвакуацияламакчы. Мажбурлап ташуу ишин Министрликке караштуу Техникалык дайындоо борбору жүргүзөт.

"Аталган борбордо автоунааларды эвакуациялоо боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү", - деп жазылган маалыматта. Министрлик мындан тышкары эвакуациянын акысы мурункудан төмөн болорун жана кирешенин 50% мамлекеттик бюджетке түшөрүн белгилөөдө.

ИИМ Бишкекте туура эмес жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап ташып кетүү боюнча 2017-жылы декабрда "Портал групп" ишканасы менен келишим түзгөн, 2022-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү бүтөт. Аталган ишкана тендерден утуп алганы кабарланып, бир автоунааны эвакуациялоонун чыгымы 1350 сом деп белгиленген. Бул сумманы эреже бузган транспорт ээси төлөйт.

"Портал групп" ишканасына байланыштуу Башкы прокуратура 2018-жылдын аягында Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 166-беренелери (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органы ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы баш калаада автомашиналарды ташуу кызматына тендерди мыйзамсыз өткөргөнү аныкталганын билдирген. Бул иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилген эмес.(ZKo)

Дагы караңыз

Эркин медиага каршы митинг кимдин буюртмасы?Украина: Запорожье шаарына жасалган чабуул токтой элек Үч медиага каршы жүзүн жаап чыккандар ким?Жейми Флай “Азаттык” радиосуна каршы коркутууну иликтөөгө чакырдыЖапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкууладыМобилизацияга тартылган орусиялыктардын өлүмү Чек ара: Орусия ортомчу болгон сүйлөшүү