Балбан кыздардын Бишкектеги жаңы ордосу

"Биз буга чейин ар кайсы залдарды ижарага алып, эркектер менен бирге машыкчубуз. Кыз-келиндер үчүн ушундай зал ачылганына абдан кубанып турам. Бул зал Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнүн мындан ары өнүгүшүнө чоң салым кошооруна ишенем. Буюрса Парижде өтө турган Олимп оюндарына ушул залдан машыгабыз", - деди кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова.

Спорт комплексти курууга 100 миллион сом сарпталган. Курулуш беш айда соңуна чыкты. 

Кыз-келиндер күрөшүндө ийгиликке жеткен балбан кыздар. 

Машыгуучу жайда бардык шарттар каралган.

Комплекстин ачылыш аземине президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова, дүйнө чемпиону жана Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызы баштаган бир катар белгилүү атлеттер, спорт адистери катышты.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы президент Садыр Жапаров менен. 

Спорт комплекстин террасасы. 

Тамактануучу жай.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү буга чейин жеке машыгуу залдарында эркектер менен бирге машыгып жүрчү. Аларга өзүнчө машыгуу залын куруу маселесин спорт адистери, машыктыруучулар такай көтөрүп келишкен.

Медициналык реабилитациялык бөлмө.

Атлеттер эс алуучу бөлмөлөрдүн бири.

Спорт комплексиндеги ашкана.

Спортчулардын жуунучу жайы. 

Конференц-залы.

Эс алуучу бөлмө.

Кир жуучу бөлмө.

Кыз-келиндер күрөшүнүн болочок чемпиондору. 

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 29-апрелинде спорт комплекстин пайдубалына капсула салган.

Спорт комплекстин сырткы көрүнүшү.