Жогорку Кеңеш: Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Путин Украинанын аннексияланган төрт аймагына аскердик абал киргизди. Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча президент Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Парламентте Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетти.

Путин Украинанын күч менен аннексияланган 4 аймагына аскердик абал киргизди. Эми төрт облустун жарандарын согушка тартса болот. Орусияда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо күчөтүлгөн режимге өттү. Майданда украин күчтөрү контрчабуулун улантууда. 200гө жакын активист кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Жабык өткөн жыйынга катышуучулар телефон-камерасы жок киргизилди. Парламентте депутаттар Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон комитеттин чечимине кол койгон эмес.