Рахмон Тажикстанды кайда жетелейт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эмомали Рахмон Тажикстанды туура 30 жылдан бери башкарып келет. Бийлик тизгинин колунан чыгарбай, өлкөнү өзү билгендей бийлеп келаткан президенттин тушунда Тажикстанда авторитардык режим орногонун эл аралык уюмдар менен саясат талдоочулар бир ооздон белгилешет.

Эмомали Рахмон Тажикстанды туура 30 жылдан бери башкарып келет. Бийлик тизгинин колунан чыгарбай, өлкөнү өзү билгендей бийлеп келаткан президенттин тушунда Тажикстанда авторитардык режим орногонун эл аралык уюмдар менен саясат талдоочулар бир ооздон белгилешет. Кремлге жакындыгы менен белгилүү Рахмон 10 миллион калкы бар Тажикстанды кайда жетелеп баратат? Сөз эркиндиги, адам укуктары чектелген, 2 миллиондой жараны Орусияда миграцияда жүргөн, эл аралык уюмдар жакыр деп атаган кошуна өлкө Рахмон башкарып турган 30 жылда эмнеге жетишип, эмнеден өксүдү?