Жогорку Кеңеште Кемпир-Абадга байланыштуу келишим каралды. Бул маалда Ак үйдүн алдында Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы акция өттү. Милиция укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен активист Сапар Аргымбаевди кармап кетти. Бишкекте "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана журналисттер катышты. Бали аралында «Чоң жыйырманын» саммитти башталды. Анда Украинадагы согуш жана анын дүйнөлүк экономикага касакагы талкууланды. Саммитте АКШ менен Кытайдын лидерлери алгачкы ирет жолукту.
"Чоң жыйырма": Согуш адамзатты азапка салды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жогорку Кеңеште Кемпир-Абадга байланыштуу келишим каралды. Бишкекте "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору талкууланды. Бали аралында «Чоң жыйырманын» саммитти башталды.