ЖК комитетинде соттук-медициналык экспертизадагы коррупция маселеси көтөрүлдү

Парламенттин имараты.

Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу 24-январда парламенттин тармактын комитетинде cоттук-медициналык экспертиза тармагындагы коррупциялык тобокелчиликтер тууралуу суроолорго жооп берди.

“Сиздин оюңуз кандай? 20 миң сом айлык алып жаткан эксперт көз карандысыз болобу? Коррупциялык тобокелчиликтер барбы?" - деп суроо узатты депутат Чыңгыз Ажыбаев.

Зарылбек уулу 20 миң сом айлык көтөрүлгөндөн кийинки сумма экенин, алардын маянасын жогорулатуу үчүн Министрлер кабинетине кайрыла турганын айтты.

Жыйында депутаттар Соттук-медициналык экспертиза кызматы соттук териштирүүлөрдө маанилүү рол ойной турганын белгилешип, алардын көз карандысыздыгын камсыздоо зарыл деген маселе көтөрүштү.

Соттук-медициналык экспертиза кызматы - Юстиция министрлигине карайт. (TSh)

Дагы караңыз

Жабырлануучу тарап Болот Назаровго доосу жок экенин билдирди