Орус түрмөсүнөн согушка айдалган мигранттар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жалданган бир нече борбор азиялык кан күйгөн кармашта каза тапканы ырасталды. Алардын бири 30 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү эки ай дегенде туулган жерине жеткирилип, жерге берилди. Жакындары орус абагында жатат деп ойлогон мигранттар кантип согушка тартылууда? Орус президенти Владимир Путиндин ашпозчусу атыккан Евгений Пригожин түптөгөн “Вагнер” менчик аскердик компаниясы түрмөлөрдү түрө кыдырып, абактагыларды кантип тузакка түшүрүүдө? Орусиянын колонияларындагы кыргыз, тажик, өзбек атуулдарын кандай коркунуч тооруп турат? “Биз жана дүйнө” программасында талдадык.