Орусия армияга алынчулардын жашын көтөрүүнү караштырууда

Орусиянын армиясынын жоокери

Орусиянын Мамлекеттик думасына армияга чакыруу жашын көтөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Ушу тапта Орусияда 18-27 жаштагылар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө милдеттүү. Мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тарта уландар 21 жаштан тартып аскерге алынат, эмки жылдан баштап кызмат өтөөгө жаш курагы 30га чейинкилер чакырылат.

Долбоордун авторлору – башкаруучу «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары, күч түзүмдөрүнүн мурдагы өкүлдөрү.

Алардын айтымында, өзгөртүү жарандарга жалпы орто жана кесиптик орто билим алуугу мүмкүнчүлүк бермекчи. Аскер жетекчилери армияда кызмат өтөгөндөрдүн билим деңгээлине, заманбап техника менен иштей албагандыгына нааразылыгын айткан учурлар көп жолугат.

Радио «Свобода» жазгандай, мыйзам долбоору колдоо табат деп күтүлүүдө. Мурда армияга алуу жашын көтөрүүнү коргоо министри Сергей Шойгу да сунуш кылган.

Мыйзам кабыл алынып, президент кол койсо, анда эмки жылы 19-30 жаштагылар, 2025-жылдан тарта 20-30 жаштагылар армияга чакырыла баштайт.

Дагы караңыз

Депутат аралашкан мушташтын чоо-жайы иликтене баштады Салык эрежелери: Өкмөт элди кантип ынандырат? Оскар-2023: "Навальный" утту, Мишел Йео жеңишин энесине арнады "Кыргызстанда казак болуп жашагыбыз келет"