Казакстан: Кенч үстүндөгү кедей айыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жанга баткан жакырчылык. Иш издеген мунайчылар. Аткарылбаган убадалар. Акордого каршы маанай күч Маңгыстау облусунда мунайчылардын нааразылыгы токтобой жатат. Жакында алар Астанага келип, ачык асман алдында түнөгөн мунайчылардын кармалышы Маңгыстауну кайра козгоп, Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында эки миңдей кишини көчөгө чыгарды. Нааразылыктын соңку толкуну бул облустагы Жетыбай айылында башталган. “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттери кендин үстүндө кедей жашаган Жетыбай айылына барып келди.