Аба ырайы: үшүк жүрөт

5-6-май күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. 5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү ыктымал.

5-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

5-майдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

5-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15…20;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 18…20 градус болот.

Дагы караңыз

Укук коргоочу Ирина Матвиенко коркутуудан улам Өзбекстандан чыгып кеткенин билдирди Орусиянын армиясы Киев менен Одессага сокку урдуУКМК "Туризмди колдоо фондуна" козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди"Кемпир-Абад" иши: Абактагылар президентке ишеним көрсөтпөөнү сунушташты