Бурят жигит: 10 миң койду элге таратып берсем…

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Василий Балданов 30га чыга элек. Ал Санкт-Петербург шаарынан ата-бабасынын мекени Бурятиядагы Баргузин өрөөнүнө келгенде чөнтөгүндө төрт миң рубл, көөдөнүндө кой багуу кыялы бар эле. Эми тилегине жетип, анын короосундагы төрт туяктын башы 200дөн ашты. Бул жери кооз, калкы азайып кеткен аймакта биз кезде анын ата-бабасы көчүп-конуп жүргөн. Билбеген кишиге Василий жердин түбүндө кой жайып жүргөндөй сезилет.