Аба ырайы: күн жылуу болот

Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чара. 2017-жыл. Бишкек.

1-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас аймагында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Дагы караңыз

Бишкекте “Жеткинчек” спорт фестивалы өтүп жатат УКМК "Йакын инкар" диний уюмунун мүчөлөрү кармалганын билдирдиАдахан Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартуу үчүн парламентке сунуш берди