Министрлик Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди

Бишкек-Ош магистралындагы башкы туннел - Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелде электр зымдары алмаштырылып жаткандыктан, унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги маалымдап, туннелдеги тыгын тууралуу соцтармактарга тараган маалыматтарга жооп берди.

Маалыматка ылайык, кабелдерди алмаштыруу иштери жыл сайын жайкысын жүргүзүлүп турат. Министрлик ошол эле учурда мурунку эки күн бою туннелдин жолунда аккан суу ташкыны боюнча да түшүндүрмө берди. Агынды суулардын түтүгүнө кум толуп калганына байланыштуу жолду суу каптаганын, жумушчулар түтүктөрдү тазалаганча унаалардын кыймылы токтотулганын кабарлады.

28-июнга чейин Төө-Ашуудагы туннелде электр зымдары алмаштырылып, дубалы акталат. Бул аралыкта саат 5.00 - 8.00, 10.00 - 12.00 жана 14.00 - 16.00 чейинки аралыктарда туннелден автоунаалар өткөрүлбөйт.

Акыркы күндөрү туннелдеги тыгын жана суу ташкыны тууралуу маалыматтар соцтармактарда тарап, айрым айдоочулар жана жүргүнчүлөр Транспорт жана жол министрлигине нааразылыгын билдиришкен.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган Бишкек-Ош магистралында жалпы беш туннел бар. Алардын эң ириси - Төө-Ашуу ашуусундагы Көлбаев атындагы туннел 1962-жылы курулган. Тоону көзөп өткөн бул жолдун узундугу 2,5 чакырым. Аталган туннел акыркы жолу 2000-жылы оңдолгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Баткендин сел каптаган айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды Жогорку Сот наристени кордогон адамдын өкүмүн жумшартты"Медиа Полиси Институту" ЖМК боюнча соңку долбоорго талдоо жүргүздү"Ит-куш эмес, адамдын ач көздүгү коркунучтуу": казак талаасындагы бөкөндөр"Армия мобилдүү болушу керек". Кыргызстандын Аскердик доктринасы