"Альфа Телекомдун" мурдагы директору, коррупцияга шек саналып кармалган Азат Базаркулов 9-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди 27-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарганын аталган соттун кеңсе кызматы маалымдады.
Азат Базаркулов коррупцияга шек саналып кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 27-июнда кабарлаган.
Мекеменин маалыматында, “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турганы аныкталганы айтылат. Андан тышкары мекемеге техника кымбат баада сатып алынып, мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени жазылган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.
Базаркуловдун иши боюнча анын адвокаттары, жакындары азырынча комментарий бере элек.
Азат Базаркулов буга чейин “Мегаком” компаниясына эки жолу, 2012-2018 жана 2021-2022-жылдар аралыгында директор болгон. Ал "Акнет" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.(ZKo)
Дагы караңыз
Аргасыз качкынга айлангандардын үнүЖалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечит аныкталды "Титан" менен океанга түшкөндөрдүн денесинин айрым бөлүктөрү табылды Базаркуловду каматкан "Мегадагы" тендер чырыСокуров: Орусия туңгуюкка бара жатат