ЕККУ “Вагнер” компаниясын террордук уюм деп тааныды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Энергетика министрлиги “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Чеченстанда "Новая газета" басылмасынын иликтөөчү журналисти Елена Милашинага жана адвокат Александр Немовго кол салуу болду. Түркияда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыз аман-эсен табылды.

Энергетика министрлиги “Клооп” басылмасынын иликтөөсүндө айтылган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Иликтөөдө “Камбар-Ата-2” ГЭСинде Бакиевдерге байланыштуу майнинг ферма иштей башташы ыктымал экени айтылган.  Чеченстанда "Новая газета" басылмасынын иликтөөчү журналисти Елена Милашинага жана адвокат Александр Немовго кол салуу болду. Беткапчан адамдар журналистти катуу сабап, чачын күчтөп кырып, адвокатка бычак урушкан. Түркияда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыз аман-эсен табылды. Стамбул аркылуу Болгарияга бет алган 20 жаштагы Жазгүлдүн жоголушу коопсуз миграция маселесин күн тартибине чыгарды.