Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды

Акжол Махмудов.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдиришинче, бул таймашта ал венгриялык балбандар Золтан Левай менен Аттила Тосмагини жеңип финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште учурдагы дүйнөнүн чемпиону, 27 жаштагы Орусия чемпионатынын коло байге ээси Адлет Тюлюбаевди утту.

Акжол Махмудов ушул жылдын апрель айында Казакстандын борбору Астанада шаарындагы беттеште Азиянын 3-жолку чемпиону болгон. Ал Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров "Жыргалаң" көмүр кени жөнүндөгү сөздөргө жооп бердиНигер: козголоңчулар кийлигишүүдөн чочулап аба мейкиндигин жапты Крымды материк менен туташтырып турган эки көпүрө аткыландыЖидда: Украинага тынчтык орнотуу жаатында кеңешүү уланат