АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландоодо.
18-августта Forbes журналы Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстин жарыялаган.
АКШ президенти катта Мирзиёевди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган.
Gazeta.uz басылмасынын Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булагы саммит АКШнын демилгеси менен пландалып жатканын ырастады.
Жо Байдендин катында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19-сентябрга же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.
Буга чейин мындай форматтагы жыйындар АКШнын мамлекеттик катчысынын катышуусунда Борбор Азия мамлекеттеринде өткөн.
Дагы караңыз
Орусия Москвага жакын жерде дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди Министр Ниязбеков милиционерлердин маңзат иши боюнча комментарий бердиЧек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн дагы 118 үй куруу сунушталды