Италиялык атактуу ырчы Тото Кутуньо көз жумду

Италиялык ырчы Тото Кутуньо Киевде. 27-ноябрь, 2017-жыл.

Италиялык атактуу ырчы Тото Кутуньо 80 жашында көз жумду.

Бул тууралуу Ansa агенттиги маркум ырчынын менежери Данило Манкузого таянып кабарлады. Анын айтымында Кутуньо көп жылдан бери ооруп жүргөн жана акыркы айларда ден соолугу кескин начарлап кеткен.

Ал Миландагы Сан-Рафаэле ооруканасында көз жумганы белгилүү болду.

Сальваторе (Тото) Кутуньо 1943-жылы 7-июлда Фоздиново шаарында жарык дүйнөгө келген.

Өткөн кылымдын 70-80 жылдары L’italiano жана Serenata деген ырлары менен Кутуньо өз өлкөсүндө эле эмес Советтер Союзунда да абдан популярдуу болгон.

Ал өз убагында Адриано Челентано, Далида сыяктуу атактуулар менен кызматташып келген.

Дагы караңыз

Пакистанда асма аркан жолдо калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдөТөрөбаев "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна даярдык аяктап калганын билдирдиКыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди