Адахан Мадумаровду милиция кармап кеткени кабарланды

Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кетти. Бул маалыматты Мадумаровго жакын бир нече булак жана аталган фракциядан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, саясатчыны баласы менен көчөдө жүргөн жеринен кармап кетишкен.

Саясатчы учурда ИИМдин Тергөө башкармалыгында экени кабарланды. Ал эмне себептен, кайсы ишке байланыштуу кармалганы азырынча белгисиз.

Ички иштер министрлиги маалымат бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Көкбөрүдөгү чыр: 40тай адам суралып, беш киши кармалды Орусия Крым көпүрөсүнө үч жолу чабуул жасалгандыгын маалымдады УКМК дагы бир мектеп директору кармалганын билдирдиОрусияда такси кызматын көзөмөлдөгөн мыйзам күчүнө кирди