Прагадагы эгемендик майрамы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2-сентябрда Чехиянын баш калаасы Прагада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага Чехиядан тышкары Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген кыргыз жарандары жана атайын чакырылган коноктор катышты. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугунун кеңсеси расмий ачылды. Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадаткан Даминова ардактуу консул болуп ишке киришти.