Ноокенде 15 жаштагы бала октон каза болду

Ноокенде адам өлтүрүүгө шек саналып кармалган жаран. 4-сентябрь, 2023-жыл

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы Ноокен районунун 43 жаштагы тургуну айылдашын мылтык менен атып салганын билдирди.

Окуя 26-августка караган түнү Шайдан айылында болгон. 4-сентябрда таратылган расмий маалыматта айтылгандай, шектүү түн жарымда көчөдө отурган өспүрүмдөрдү көздөй мергенчилик мылтыгынан аткан, ок 15 жаштагы балага тийип, ал ооруканада каза болгон.

Ноокен райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоду.

Шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (TB)

Дагы караңыз

Бекназаров абакта моралдык басым болуп жатканы тууралуу билдирүү тараттыПрезиденттик башкаруудагы парламент: Сын көппү же сыйбы? Алты эл аралык уюм "Клоопту" куугунтуктоону токтотууга чакырышты