Мексика бойдон алдырууга салынган федералдык тыюуну жокко чыгарды

Иллюстрация.

Мексиканын Жогорку Соту бойдон алдыргандарга колдонулуучу бардык федералдык тыюу салууну жокко чыгарды жана Улуттук саламаттыкты сактоо мекемесине каалоочуларга аборт кызматын көрсөтө берүүнү сунуштады.

Сот мындай чечимди бойдон алдыргандарды жоопкерчиликке тартуу Конституцияга каршы келет деп негиздеди.

Мексиканын Улуттук Аялдар институту бул чечимди гендердик теңчиликке карай "чоң кадам" деп атады. Ал эми бойдон алдырууга каршылар түйүлдүктүн жашоо укугу үчүн күрөштү улантууга убада беришти.

Бирок федералдык тыюу алып салынганына карабастан, аймактык деңгээлде кала берүүдө. Мексиканын 20 штатында бойдон алдыруу кылмыш катары каралат. Ал эми 12 аймакта тыюу салынган эмес.

Дагы караңыз

Темир Сариев чек арадагы кезек үчүн Казакстанды сындадыДепутат Ормонов ЕАЭБ жоболору бузулуп жатканын айттыСагынбек ырчы: Чындык өлдү дейсиңер... Койгулачы