Жалал-Абаддагы эс алуу жайында бирөөнү бычактаган шектүү кармалды

Кармалган шектүү. ИИМ тараткан сүрөт

Жалал-Абад шаарында эс алуучу жайлардын биринде 35 жаштагы жаранды сегиз жолу бычак менен сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 7-сентябрга караган түнү болгон. Жабырлануучу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 19 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Социалдык тармактарда көчөдө колу-буту канжалаган адам жатканы тартылган видеолор тарап жатат. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ: Литванын чек арасында 90го чукул кыргыз жараны тыгында калдыМаданият министрлиги "Клооп" сайтындагы маалыматты өчүрүүнү талап кылдыСтатком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саатАКШ Украинага дагы 600 миллион доллар аскердик жардам бердиТИМ АКШ менен виза мөөнөтү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди