Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-сентябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11.

Бишкекте ала-булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз

Жалал-Абаддагы эс алуу жайында бирөөнү бычактаган шектүү кармалдыЫсык-Ата: Атайын операцияда үйү күйгөн жаранга жатаканадан бөлмө берилгенУмбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагына жетекчи болдуТИМ: Литванын чек арасында 90го чукул кыргыз жараны тыгында калды