Ирандын тыңчысы деп шектелген адам Лондондогу түрмөдөн качып кетти

Лондондо тыңчы жана террорчу деп шектелген 21 жаштагы Дэниел Халиф түрмөдөн качып кетти. Ал 6-сентябрда абактагыларга тамак-аш жеткирчү автоунаанын алдына жармашып чыгып кеткенин маалымат каражаттары 8-сентябрда жазды.

Издөө иштерине шаардык милициянын 150 кызматкери, чек арачылар жана башка коопсуздук мекемелери катышууда. Полиция ал башка өлкөгө чыгып кетүүгө үлгүргөн болушу ыктымал экенин да четке какпайт.

Халиф 2019-жылдан тартып британ армиясынын көмөкчү бөлүгү болгон Королдук байланыш корпусунда компьютер адиси болуп иштеген. 2021-жылдын августунда ал кесиптештери тууралуу жашыруун маалыматты башка өлкөгө берген деп шектелип кармалган. Анда кайсы мамлекетке тыңчылык кылганы айтылган эмес, бирок иликтөөчү журналисттер кеп Иран тууралуу болуп жатканын жазышкан. Кийин күрөөгө бошотулуп, кызматына кайтып келгенин The Telegraph кабарлаган.

2023-жылдын январында ал кайрадан кармалган, бул жолу өзү кызмат өтөгөн аскердик базага жасалма бомба алып өтүүгө аракет кылган деп айыпталган. Ошол эле учурда ага "Жашыруун маалымат мыйзамын" бузган деген айып да кошулган.

Халиф британ баш калаасындагы "Уандсворт" түрмөсүндө отурган. Маалыматтарга караганда, ал абакка анча коопсуз эмес деген кылмышкерлер камалат. Жергиликтүү медиа Халиф түрмөнүн ашканасында иштеп жатканы тууралуу жазды.

Дагы караңыз

Өкмөттөгү өзгөрүү Бейшеналиев менен Зулушев жаңжалын эске салды"Клооптун" иши: Эркин медианын эртеңи кандай болот?"Орусияга автоунаа ташып жатасыңар дешти". Литвадан өтө албай жаткан ишкерлерОрусиянын Украина аймагындагы "жасалма шайлоосу"