"Настоящее Время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко көз жумду

Олег Ануфриенко

13-сентябрда "Настоящее время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко оорудан көз жумду. 35 жаштагы журналист "Настоящее время" телеканалында 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал жаңылыктардын продюсери, маалымат программаларынын башкы редактору, НВ-digital командасында видео редактор болуп эмгектенген. Буга чейин Беларустагы алдыңкы көз карандысыз медиаларда иштеген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жеффри Гедмин маркумдун жакындарына көңүл айтты.

"Кесиптешибиздин дүйнө салганына кайгырып турабыз. Биз Олегдин кесипкөйлүгүн, боорукерлигин, эркин жана демократиялуу дүйнөнүн идеяларына берилгенин эстен чыгарбайбыз. Анын туугандарына жана досторуна көңүл айтабыз", - деп жазды эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси.

"Азаттыктын" жамааты Олег Ануфриенконун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Дагы караңыз

Өзбекстанда прокурор журналист Мирзаевага алты жыл сурадыРумыниянын Украина менен чектеш аймагында дрондун сыныктары табылды