Лукашенко Путин менен быйыл алтынчы ирет жолугушууга барды

Лукашенко жана Путин.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 14-сентябрда Орусияга мурда маалымдалбаган иш сапары менен жөнөп кетти.

Жума күнү Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин экөө сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын Лукашенконун басма сөз кызматы билдирди.

Бул Лукашенконун Путин менен жыл башынан берки алтынчы жолугушуусу. Акыркысы июнь айында Сочиде болгон.

13-сентябрда Европарламент Эл аралык кылмыш сотун Александр Лукашенкону камакка алууга ордер берүүгө чакырган резолюция кабыл алган. Документке ылайык, Европарламент Лукашенконун режиминин “Орусиянын Украинага каршы согушуна катышуусун, Москванын согушчан аракетин кубаттаганын” айыптайт.

Эл аралык кылмыш соту 2023-жылдын мартында Орусиянын президентин камакка алууга ордер берген.

Дагы караңыз

Украина орус армиясынын Евпаториядагы турумуна сокку урдуГермания: Украин качкындарды баккан, президенттин сыйын көргөн Мунара КМШнын маалымат саясаты - Москванын ырын ырдайбы?