Севастополдо жардыруулар болгону кабарланды

Севастополдогу жээктердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Аннексияланган Крым жарым аралынын Севастополь шаарында 23-сентябрда таңга жуук катуу жардыруу болгонун "Крым. Реалии" сайты кабарлады. Жергиликтүү кабарчынын маалымдашынча, жардыруунун толкунунан үйлөрдүн айнектери сынып кеткен.

Кийинчерээк аймактын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развожаев Севастополго ракетадан чабуул жасалганын ырастады. Анын сөзүнө караганда, абадан коргонуу системасы иштеп, атылган ракеталардын калдыктары Сухарный районундагы жээкке түшкөн.

Жардыруудан кийин жүргүнчүлөрдү ташыган суу транспорттору токтоду.

Развожаев бир күн мурун да аймакта жардыруу болгонун, ракеталык чабуул Орусиянын Кара деңиз флотуна багытталганын Телеграм каналына жазган эле.

Украинанын Аскердик чалгындоо башкы башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов 22-сентябрда Севастополь шаарындагы Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына жасалган чабуулдан кеминде тогуз адам өлүп, 16 киши жараат алганын, арасында орусиялык генералдар да бар экенин билдирген.

Тараптардын маалыматтарын согуш шартында тактоого мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

CNN : АКШ, Орусия жана Кытай өзөктүк полигондорун жаңылады Балбан Жоламан Шаршенбеков эки жолку Дүйнө чемпиону болдуБалбан Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтТил саясаты: Бишкектин чечими, Кремлдин таасири