Украинанын Запорожье облусунда согуш уланып жаткан аймакка жакын беш райондон бардык балдар эвакуцияланды.
Бул тууралуу облустук аскер башкармалыгынын төрагасынын орун басары Евгений Мироненко "Азаттык" радиосунун украин кызматына билдирип, 60ка жакын жеткинчек коопсуз жакка көчүрүлгөнүн айтты. Балдарды эвакуациялоо чечими 29-августта кабыл алынган.
Ал арада украин күчтөрү Мелитополь багытында чабуулга өтүп жатканын Башкы штаб кабарлады.
27-сентябрдагы маалыматка ылайык, украин армиясы Вербовое жана Новопокровка айылдарынын ортосунда чабуулду күчөттү. Буга чейин ал жердеги "Суровикин линиясы" деп аталган орусиялык күчтөрдүн коргонуу эшелону талкаланган.
Дагы караңыз
"Чөп жок, малды саттык". Элетте тоют тартышКазакстанда сот активист Жанболат Мамайдын ишмердигине тыюу салдыТоолуу Карабак: Жарылууда ондогон адам набыт болду, 50 миңдей киши жер которду