Ташкентте кампадагы жарылуудан бир киши каза таап, 163 адам жараат алды

Жарылуу болгон кампа.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Сергелий районундагы кампадагы жарылуудан 16 жаштагы бала каза болуп, 163 адам жараат алды. Бул тууралуу 28-сентябрда “Озодлик” радиосу жазып чыкты.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 24 киши Республикалык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жаткырылды. Жарадар болгондордон 138си амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө жиберилди.

Жарылуунун кесепетинен каза болгон жаран 2006-жылы туулган. Gazeta.uz басылмасы жарылууда анын үстүнө терезе кулап түшкөнүн жазды.

Ташкент шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков жарылуудан улам зыян тарткан үйлөрдүн чыгымы эки-үч күн ичинде төлөнөрүн билдирди.

Президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жарылууну иликтөө, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны премьер-министрдин орун басары Ачилбай Раматов жетектейт.

Жарылуу болгон кампанын аянтын тазалоо үчүн Коргоо министрлигинин миңдей кызматкери тартылды.

28-сентябрда түнкү саат 2:43тө Ташкент шаарындагы кампада ири жарылуу болгону кабарланган. Социалдык тармактарда жарылуунун видеолору тараган. Анда жарылуудан улам жакын жердеги батирлердин, дүкөндөрдүн жана башка имараттардын терезелери сынганы айтылган.

Дагы караңыз

Орусияда украин аймактарынын аннексияланган күнү майрамдалатБашкы прокуратура Абдырасуловдун иши боюнча маалымат тараттыБерлинде президент Жапаров кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолуктуТокаев Астана Орусияга каршы санкцияларды аткара турганын билдирди