Аба ырайы: тоолордо кар жаайт

Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы 8…10°, күндүзгү температурасы 23…25 градус болот.

Дагы караңыз

Президентке кайрылган миңден ашык соттолуучунун 330уна ырайым берилди Күйүүчү майды Казакстан аркылуу ташууда маселе жаралганы кабарландыЖК комитети “Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жататОрус армиясы бир суткада Херсонго 500дөн ашык снаряд атты