Казакстанда кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы болду

Казак полициясынын унаалары. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Казакстандын бир нече аймагында 5-октябрда кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы болгонун "Казинформ" агенттиги кабарлады.

Кармоолорду Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө жүргүздү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, кылмыштуу топторду кармоо операциялары бир учурда Жамбыл, Түркстан жана Жетисуу облустарында ишке ашырылды.

Расмий маалыматта алар Казакстандын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында мыйзамсыз иштерди жасаганы айтылат.

Күн мурун Кыргызстанда "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаевди кармоо операция болуп, кримтөбөл атып өлтүрүлгөн.

Дагы караңыз

Украина: Купянск районуна чабуулда 50гө жакын адам каза болдуАдабият боюнча Нобел сыйлыгын норвегиялык жазуучу Юн Фоссе алдыУкраина «Шахеддердин» чабуулуна дуушар болду