Бишкектин башкы архитектору камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев камакка алынганын 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анын бөгөт чарасы 6-октябрда каралды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Карыбаев 16-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шектелип жатканы кабарланууда.

Урмат Карыбаев бул кызматка былтыр июнь айында дайындалган. Анын кармалышы боюнча жактоочулары азырынча комментарий берише элек. (RK)