Аба ырайы: тоолуу аймактарда жаан жаайт

Чүй өрөөнү.

12-октябрда түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Дагы караңыз

Европарламент Өзбекстан боюнча резолюция кабыл алды Матраимов менен Көлбаевди байланыштырган жагдайлар Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы сессиясы кийинки аптага жылды Кыргызстан Кытайдагы Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берет