Казакстан: Салафизм менен вахабизм саясий күчкө айландыбы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казак парламентинин депутаттары соңку жылдары өлкөдө исламдын башка багыттары, салафизм менен вахабизмдин жайылып баратканына тынчсызданып, аларга каршы күрөшкө чакырууда. Алтургай депутаттар өлкөнүн премьер-министрине расмий суроо-талаптарды жөнөтүп, жооп берүүнү талап кылган. Серепчилер муну Казакстандагы радикалдуу диний агымдарга каршы масштабдуу өнөктүктүн башталышы деп сыпатташты.