Аба ырайы: күн ачык болот

Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндуз 14…19 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Газа: Ооруканадагы жарылуудан жүздөгөн киши мүрт кеттиЖогорку Кеңеште палестин элине жардам жөнөтүү демилгеси көтөрүлдүФейсбуктагы пикири үчүн камалган эки аялдын маселеси парламентте айтылдыАдахан Мадумаровдун ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу өтөт