Аба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 24-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 15…17° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Ак-Тилек" бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 400дөн аштыБалбай-Түп-Каракол жолун оңдоо долбоору даярдалып жататӨкмөт тогуз айда эмгек акы 25,7% көбөйгөнүн билдирдиСириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды