Кара-Балтада өспүрүмгө ок тийген мушташка байланыштуу шектүү кармалды

Кара-Балтадагы мушташта ок чыгарган жаран жана ал колдонгон курал. Чүй ОИИБ тараткан сүрөт.

Кара-Балта шаарында өспүрүмгө ок тийип, жаракат алган калайман мушташка байланыштуу 18 жаштагы шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 30-октябрда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 25-октябрда түнкү саат 1:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы “Сосновка бурулушу” деп аталган тилкеде 2005-2007-жылы туулган өспүрүмдөрдүн арасында мушташ болгон. Жапырт мушташтын катышуучуларынын бири аңчылык куралдан ок чыгарып, натыйжада 2008-жылы туулган М.Ч. аттуу өспүрүмдү жарадар кылган. Бутунан жараат алган бала Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге жетип барып, анын катышуучуларын ошол эле күнү кармашкан жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Мекеменин билдирүүсүндө ал күнү канча бала кармалганы такталган эмес.

Факт боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренесинин 3-пункту менен ("Ок атуучу куралдар менен коштолгон бейбаштык") кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө мушташ учурунда ок чыгарган жаран Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургуну, 2005-жылы туулган А.Н. атуу жаран экени такталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Мунун алдында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Кара-Балта шаарында катталган соңку мушташтын видеосун да жарыялашкан. 24.kg сайты койгон видеодо топ балдар жерде жаткан бир нече баланы сабап жатканын, андан соң топ-топ болуп, мушташып жатышканын көрүүгө болот. (ErN)