Мугалим окуучуларды "ийне менен сайгылаган" деген окуя териштириле баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мектепте болгон окуя тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги териштире баштады. Окуучулардын укугу корголорун, териштирүү башталганын, милицияга маалымат берилгенин министрлик бүгүн 3-ноябрда билдирди.

Үй тапшырмасын аткарбаган окуучуларды колуна ийне менен сайгылаган мугалимди жазага тартуу тууралуу кайрылуу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Окуя 27-октябрда Ак-Коргон айылындагы мектепте болгону, кыргыз тили жана адабияты мугалими тапшырма аткарбаганы үчүн 5-класстын үч окуучу баласын колуна ийне менен сайганы, бир баланын колуна ийне 17 жолу сайылганы айтылды.

Башка тийиштүү мекемелер бул боюнча азырынча маалымат бере элек. (RK)